11 журналисттин иши: Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Азамат Ишенбеков камакта калды

Мындай чечимди 27-мартта кармалгандардын аппеляциялык арызын карап, Бишкек шаардык соту чыгарды. Бул чечими менен шаардык сот калаанын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды, ага ылайык, алар 13-майга чейин ТИЗО-1де камакта болот.

Журналисттер 16-январда жапырт кармалган. Жалпысынан Temirov Live’дын кармалып, андан кийин 11 азыркы жана мурдагы кызматкери камакка алынган. Алардын 9у «башамаламандыкка чакырууга», ал эми медианын башчысы Махабат Тажибек кызы менен акын Азамат Ишенбеков аталган чакырыктарды «уюштурууга» дагы шектелип жатат.