«Мадинанын» негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун издөөдө жүргөн уулу Ильшат Салимов кармалды

27-мартта Турсунтай Салимовдун уулу Ильшат Салимов жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМКдан билдиришкендей, Ильшат Салимов кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдаштырып, каражаттарын кыймылсыз мүлккө салып жүргөнү аныкталган.

Ушундай эле айып «Мадина» базарынын Коопсуздук кызматынын жетекчисине да тагылууда. Атайын кызматтан ал 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыка талапкер болгонун кошумчалашты.

УКМК Ильшат Салимовго өткөн жылдын ноябрында издөө жарыялаган.