Мадумаров эки берене боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок жазадан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-мартта депутат Адахан Мадумаровгок арата өкүм чыгарды. Ал «Бийликтен аша чабуу» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткендигине байланыштуу Мадумаров жазадан бошотулду. Судья депутатты өкүмдүн мөөнөтү күчүнө киргенге чейин камакта калтырды. Сот отуруму жабык тартипте өттү.

Адахан Мадумаров өткөн жылдын сентябрынан бери камакта. Алгач саясатчы 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгондугу үчүн мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган. Президент Садыр Жапаров Баткендеги участкалардын бириндеги талашка дал ошол протокол себеп болгонун билдирген. Мадумаров болсо протоколдун юридикалык күчү жоктугун айтып келет.

Саясатчыга каршы экинчи иш Чыңгыз Адымомунов деген кишинин арызынын негизинде козголгон. Ал милицияга кайрылып, 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берген 50 миң долларын кайтарып берүүнү суранган.