Министр Бейшеналиев аны УКТ менен байланышы бар деп айыптаган депутатты сотко берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ар-намыс жана кадыр-баркын коргоо үчүн депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Мурдараак депутат министрди «кара хирург» деп атаган болчу.

«Министр Бейшаналиев А.С. соттон Коргонбай уулу Ж. анын ар-намысына жана ишкердик аброюна шек келтирген чындыкка коошпогон маалыматын төгүнгө чыгартууну [...] жана 10 миң сом өлчөмүндө материалдык жана моралдык зыянды өндүрүүнү ниеттенет», — деп жазды адвокат Кайсын Абакиров Фейсбук барагында.

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жашыруун операция кылып жүргөн деп билдирген. Буга Бейшеналиев жарадамга муктаж бардык адамга операция жасаганын айтып жооп берген.