Жалал-Абад шаарынын тургуну күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип кармалды

Облустук милициядан Жалал-Абад шаарынын 52 жаштагы тургуну күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып өлтүрүүгө шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-март саат 21:40 чамасында калаадагы батирлердин биринде болуп, жабырлануучу жеринде каза тапкан. Териштирүүдө окуя болгон күнү алар спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Бул окуя облустук милицияга каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган 52 жаштагы аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.