Cот Балыкчыда мектеп окуучусун коюп кеткен мурдагы милиционердин ишин кыскартты

Балыкчы шаардык соту Балыкчы ОИБдин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевге карата ишти кыскартты. Ал январь айында мектеп окуучусун коюп кеткени үчүн кармалган.

Иш тараптар элдешкендиктен кыскартылды. 26-мартта сот Осмонбаевди эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотту.

Окуя 26-январда болгон. Анда айдоочучу 12 жашар мектеп окуучусун коюп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучунун атасынын айтымында, кызын жолдун четинде турганда шаардык милициянын кызматтык унаасы коюп кеткен.

Окуучу кызды автоунаа коюп кеткен факты боюнча «Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун» жана «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.