Футболду өнүктүрүү фонду Президенттин фондунан 500 млн сом алат

Президент Садыр Жапаров «2024–2034-жылдарга Кыргызстанда футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты — калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу жана кесиптик футболду өнүктүрүү саналат.

Ушуга байланыштуу Жапаров өлкөдө «футболду өнүктүрүү жана заманбап материалдык-техникалык базаны камсыздоо үчүн ага Президенттин фондунан 500 млн сом бөлүү менен» Футболду өнүктүрүү фондун негиздөөнү тапшырды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы