«Манас» аэропортуна «Airbus 320» учагы келип конду — бул жаңы № 1 борт

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

«Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн учак, тик учактарды сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп президент айткандай, бул негизги милдеттерибиздин бири», — деди минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров.

Минкаб 2002-жылы өндүрүштөн чыккан «Airbus 320» учагы бюджеттин эсебинен сатып алынып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилгенин билдирди.

Жаңы учак канча каражатка сатып алынганы белгисиз.

2022-жылы президенттин мурдагы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө президенти үчүн жаңы учак сатып алынарын, мурдагы №1 борт эскиргенин билдирген болчу. Бул тууралуу Султанбаев коомчулук президенттин чет өлкөгө сапарларына жеке учак жалдап чыгып атканын активдүү талкууланып жаткан учурда билдирген.