Ошто көчөдө кетип бараткан кызды мазактаган блогер беш суткага камалды

Сот Нурболот Турганбаевди (Саяныч) майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу түрүндө жаза чегерди. Ал сот залынан камакка алынды.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак блогер Instagram’га видео чыгарып, видеосунда көчөдө өтүп бараткан кызды «жалап» деп атаган. Бул видео соцтүйүн колдонуучуларынын арасында нааразылык жараткандан кийин ал милиция жеткирилген. Ал жерден блогер кечирим сураган видео жаздырган, андан соң анын иши сотко өткөрүлгөн.