УКМК Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» базарлары мамлекетке өткөнүн билдирди

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган базарлардын ээси узак убакыт бою базадагы ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келген.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган.

«Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 миллион сомдон ашык "Макиш" жана "Бугу" соода базарлары өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.