Ысык-Көлдүн түндүк тарабында жолдун реконструкциясынан улам жол жээктеген дарактар кыйылып жатат

Транспорт министрлигинен 1-апрелден тартып 104-чакырымдан 184,5-чакырымга дейре Корумду—Балбай-Баатыр жолунун реконстркциясы башталарын түшүндүрүштү. Жол төрт тилкелүү боло тургандыктан дарактар кыйылып жатат.

Министрлик бак-дарактардын кыйылышын «автожолдун техникалык параметрлерин жогорулатуу» максатында «аргасыз чара» экенин билдиришти.

Ошол эле учурда ведомство курулуш аяктагандан кийин жол жашылдандырыларын убада кылды.

Жолду реконструкциялоо ишин Кытайдын «Чайна Роуд» компаниясы аткарып жатат. Долбоордун наркы — 106 млн доллар.