11 журналисттин иши: Сот Айке Бейшекееваны камакта калтырды

Бул чечими менен Бишкек шаардык соту Биринчи май районундук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Журналист Айке Бейшекеева 13-майга чейин тергөө изоляторунда калат

Журналисттер 16-январда жапырт кармалган. Жалпысынан Temirov Live’дын кармалып, андан кийин 11 азыркы жана мурдагы кызматкери камакка алынган. Алардын 9у «башамаламандыкка чакырууга», ал эми медианын башчысы Махабат Тажибек кызы менен акын Азамат Ишенбеков аталган чакырыктарды «уюштурууга» дагы шектелип жатат.

Сүрөт: ПолитКлиника