Бишкекте катуу шамалдан улам киргизилген өзгөчө кырдаал режими үч күнгө созулат

Бул тууралуу калаа мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, зыянды жана зыян тарткан объектилердин бардыгын калыбына келтирүү боюнча иштердин баасын чыгарып жаткан комиссия түзүлгдү.

Кечээ мэрия шаарда 70 дарак кулаганын билдирген. Алардын дээрлик бардыгы жыйналып, аз гана жерлер калды. 24 адам жабыркап, алардын ичинен төртөө ооруканага жаткырылган.

Мындан сырткары, бийлик үйү жабыркагандарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү убада кылды. Жабыркаган машиналар боюнча: эгер машина «Бишкек жашыл чарбанын» айынан кулаган дарактан жабыркаса, анда зыянда ушул ишкана төлөйт, эгер ал жеке менчик субъектисинин дарагы болсо, — зыянды ошол жеке субъект төлөйт.

Ошол эле учурда Кыргызгидромет аба-ырайы начарлап, Талас жана Чүй облустарында суук күтүлүп жатканын билдирди.