Бишкектин Октябрь райондук сотунда мамлекетти айыптоочу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан үч кишини күнөөлүү деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.
Кеп айыпталуучулар Данияр Шүкүров, Санжар Сапарбеков жана Сыймык Биримкулов жөнүндө болууда.
Айыпталуучулардын арасында дагы жети киши бар, алардын төртөө — Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери.
Дөө Чыңгыз деген каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы Бишкекте №1 тергөө абагында киши болдуу болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, кримтөбөлдү ТИЗО кызматкерлеринин көмөк көрсөтүүсү менен камакта отурган алты киши өлтүргөн.