ӨКМ: Катуу шамалдан 10 адам жабыркап, 154 объектке зыян келди

28-мартта катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркап, 80 турак жай, 70 социалдык объект, 4 чарбалык курулуш — жалпысынан 154 объект зыянга учурады.

ӨКМден билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36 турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон. Чүй облусунда 42 социалдык объект, 42 турак жайдын чатыры учкан.

«Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында калаа аймагына жана Чүй облусунун аймагына "Өзгөчө кырдаал" режимдери киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

28-мартта Бишкек жана Чүй облусунун аймагында саат 16:15тен саат 16:45ке чейин ылдамдык күчү секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталды.