Маданият министри ЖМК жөнүндө мыйзам эки айда иштелип чыгышы керектигин билдирди

Маданият министри Алтынбек Максүтов ЖМК жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолукту. Ал мыйзам долбоору эки айдын ичинде жеткире иштелип чыгышы керектигин айтты.

«Биздин министрлик дагы ЖМКны каттоо татаалдашына каршы. Биз силер менен мыйзам долбоору боюнча конструктивдүү иштешкенге даярбыз», — деди ал.

Жумушчу топко «Медиа Полиси» институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media’нын башчысы Дина Маслова, «Азаттыктын» кызматкери Кубат Оторбаев, Next TV’нын башкы продюссери Дмитрий Ложников, юрист Акмат Алагушев жана депутат Жанар Акаев кирген.

13-майда президент көзкарандысыз басылмалардын башчылары менен жолуккандан кийин ЖМК жөнүндө мыйзамды артка кайтарган.

Буга чейин мыйзам долбоору «сөз эркиндиги үчүн олуттуу коркунучтарды» жана «журналисттердин ишмердүүлүгүн ашыкча жана негизсиз чектөөчү кошумча нормаларды камтыганы» үчүн сынга алынган.