Таласта Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү кармалды

УКМК кызматкерлери Таласта маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин УКТ мүчөлөрүн акча опузалоого шектеп кармады.

Мамкомитеттен билдиришкендей, топтун Ж. А. А. жана К. Э. Ж. деген инициалдары көрсөтүлгөн мүчөлөрү жана алардын шериктери жабырлануучудан «буту-колун сындырабыз» деп 250 миң сом опузалашкан. Мындай сумманы кармалгандар аларга Казакстандын жараны кайрылып, 60 миң сом өлчөмүндө акчасын кайтарып берүүнү суранды деген шылтоо менен талап кылышкан. Маалыматта 2023-жылдын декабрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин карыз делген акчанын суммасы «туумун» кошуп, 250 сомго өсүп кеткени айтылат.

Шектүүлөр жабырлануучунун BMW 530 үлгүсүндөгү машинасын дагы күрөө катары тартып алышканы белгилүү болду.

Кармалган К.Э.Ж. жана Ж.А.А. ИИБдин Талас облусу боюнча убактылуу кармоо жайына киргизилди.