Өлкөдө 2139 адам мүлкүн легалдаштырды

Ошол эле учурда 66 адамдын активи 100 млндук босогодон ашкандыктан, алар бюджетке 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку төлөм төккөнгө аргасыз болушту. Ошону менен алар жалпы суммасы 6,6 млрд сомдук активин легалдаштырышты.

Активдерин декларациялаган адамдардын аты-жөнү, ошондой эле алар декларациялаган активдердин түрлөрү ачыкталган жок, андан сырткары, эми легалдуу болуп баштаган активдердин жалпы суммасы белгисиз калууда.

2024-жылдын февралында президент Садыр Жапаров өзүнүн 20 млн долларлык мүлкүн активдерди легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамы боюнча биринчилерден болуп каттаткан. Ал анда каражатын «чет өлкөдө сактаган» байларды өз убагында кирешесин легалдаштырып калууга чакырган.

Мыйзамга ылайык, ар бир кыргызстандык 2024-жылдын 9-июнуна чейин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн, акчасын же башка активдерин (жада калса булар кылмыштуу жолу менен табылган болсо да) легалдаштыра алат.