УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 26-мартта Ош шаарынын аэропортунда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун «Таранчы» каймана аттуу мүчөсү кармалганын билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен ишканасынын жумушчуларын коркутуп, салык салган.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.