Жыл сайын 7 - апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте «Менин ден соолугум — менин укугум» аталышындагы жарыш уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо инистрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган «ден соолук кербенинин» башталышы болот. Жарышка ден соолугуна кам көргөн бардык жарандар катшса болот.
Мекемеден иш-чара Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан уюштурулганын белгилешти. Ага президент Садыр Жапаров, министр Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун өкүлү Ливиу Ведраско, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков да катышары айтылды.
Жарыш 6-апрель күнү саат 10:00дө Жайыл Баатыр көчөсүндөгү «Газпром» спорт комплексинен старт алат. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.