Бишкекте борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн 10-апрелден тартып маршруткалар алынат

Маршруткалар Ахунбаев көчөсү — 7-апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй — Манас проспектилери менен чектелген алкактан чыгарылат.

Алсак, көчөлөрдү үч этап менен бошотуу пландалып жатат:

1. 10-апрелден тартып № 111, 118, 130, 134, 135 жана 136-маршруткалар чыгарылат.

2. 10-майдан тартып №138, 163, 192, 202, 207 жана 220—-маршруткалар.

3. 1-июндан тартып № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275, 150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285 жана 295-маршруткалар чыгарылат.

Муниципалиттен жакынкы аралыкта Бишкекте бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырыларын билдиришти. Маршруткалардын айдоочуларына алдын ала окуудан өтүп, автобустарга отуруу сунушталды.