Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, бул фералардын сегизи энергияны келишимдик негизинде чакан ГЭСтерден алса, Кеминдеги «Соларкоин» майнинг фермасы энергияны Казакстан аркылуу Орусиядан түз алат.
Абылгазиев Камбар-Ата ГЭСинде майнинг-ферм жок экенин билдирди.
Депутат Тазабек Икрамов министрдин орун басары калп айтып жатат же эч нерсе билбейт деп белгилесе, кесиптеши Исхак Масалиев Камбар-Атада майнинг-ферма бар экенин президент өзү айтканын кошумчалады.
Кеп «Клооптун» иликтөөсү жөнүндө болуп жатат. Анда бийлик Камбар-Атадан электр энергиясын Бакиевдер менен байланышы бар компанияга арзан баада берип жатканы аныкталган. Президент ал жерде майнинг ферманын иштөөсүнө уруксат берилип жатканын ырастап, бул энергияны жоготуудан арылтуу максатында жасалып жатканын айткан.
Өлкөдө электр энергиясына болгон тартыштыктан улам, 2026-жылдын аягына чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.