Маданият министрлиги интернетте жана ЖМКда мазактоо, жалаа үчүн айып пул салууну сунуштады

Маданият министрлиги ЖМКларда жана интернет сайттарында адамдарды кемсинтип, жалаа жапкандар үчүн айып пул салууну сунуштаган токтомдун долбоорун демилгеледи.

Министрлик учурда «ар кандай ЖМКлар, интернет-ресурстары аркылуу мазактоо жана атайылап жалган маалыматтарды таратуу фактылары көбөйүп жатканын» жана учурдагы жарандык мыйзам «мазактоо, жалган маалымат таратуу фактыларына жетиштүү деңгээлде жооп бербей жатканын» белгиледи.

Министрликтин белгилешинче, бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын өз ара мамилесине коркунуч туудурат.

Буга байланыштуу «Укук бузуулар жөнүндө» кодекске жаңы берене киргизүү сунушталды. Ага ылайык, мазактоо үчүн жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынса, жалаа үчүн — жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салынат.

«Мазактоо жана жалган-жалаа маалыматка жана маалымат каражаттарына болгон ишенимге доо кетириши мүмкүн. Ошондуктан, жалган-жалаа беренесинин киргизилиши коомчулуктун маалыматка болгон ишенимин коргоо менен коомдук талкуунун сапатын жана ишенимдүүлүгүн сактоого жардам берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзам бузуулар Маданият министрлиги тарабынан каралмакчы.