Президент «чет элдик өкүл» мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамга» кол койгонун билдирди. Анын айтымында, аталган уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, мындан ары ачык-айкын иштешет.

«Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен», — деди ал.

Жапаров чет элдик донорлор бул мыйзамга өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар «жалган маалымат жеткирип жатканы» үчүн каршы болушту деп эсептейт.

«30 жылдан бери бирөөсүн дагы “чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар” деп куугунтуктабаган, эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем, эч кандай куугунтук болбойт», — деп ишендирди ал.

Бир катар эл аралык уюмдарды тынчсыздандырган «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламент 14-мартта жактырган.