Ташиев: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча 100 миллиард сомдон ашып кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга маек куруп, коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 20 миллиард сом түштү деген эскирээк маалымат экенин билдирди.

«Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт», — деди Ташиев.

Буга чейин Каржы министрлиги коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 20 миллиард 445 миллион сом түшкөнүн билдирген. Каражат укук коргоо, көзөмөлдөө органдарынын жана Финансы министрлигинин депозиттик эсептерине которулуп турган.