«Милиция кызматкерлери шектүү катары аныктала элек кишини коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп кармап жатканы тууралуу видео тарап, коомчулук талкууга алды. Милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени үчүн Жалал Абад ОИИБнин башчысы Жеңиш Абитов менен анын орун басары Ильяс Касымбаев иштен алынып, 13 кызматкерге тартип жазасы берилди», — дешти ИИМдин басма сөз кызматынан.
Буга чейин соцтүйүндө милиция тургунду кармоодо күч колдонгону тартылган видео тараган. Анда шектүүнүн 18 жаштагы уулу атасына болушуп, милиция кызматкерин тээп жиберген.
Кийин облустук милициядан аталган тургун Кочкор-Ата шаарындагы базарда күзөт кызматкерине кол көтөрүүгө шектелип кармалганын айтып, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени үчүн күч колдонушканын белгилешкен.