Спецназ тургунду кармоодо күч колдонгон окуядан кийин иштен алынган Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңиш Абитов Бишкектин Свердлов райондук милициясын жетектейт.
Буга чейин соцтүйүндө күч органдары тургунду кармоодо күч колдонгону тартылган видео тараган. Анда шектүүнүн 18 жаштагы уулу атасына болушуп, милиция кызматкерин тээп жиберген.
1-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан «милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени үчүн» Жеңиш Абитов менен анын орун басары Ильяс Касымбаев иштен алынып, 13 кызматкерге тартип жазасы берилгенин билдиришкен.