24.kg басылмасына козголгон кылмыш иши токтотулду

Бул тууралуу басылма УКМКга таянуу менен 2–апрель күнү билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын ага тергөөчүсү Эрлан Акынбеков басылманын жактоочусу Нурбек Сыдыковдун кызматкерлердин жеке уюлдук телефондорун жана кеңсе жабдууларын, анын ичинде ноутбуктарды, системалык блокторду кайтарып берүү өтүнүчүн канааттандырды.

«15-январда тинтүү учурунда алынган бардык финансылык документтер басылмага кайтарылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 24.kg басылмасына «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 15-январда алардын кеңсесинде тинтүү жүрүп, бардык техникалары алынып, имарат мөөр басылып бекитилген. Ошондой эле басылманын жетекчилиги атайын кызматка күбө катары сурак берген.