Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында 41 жаштагы шектүү асынып каза болду

ИИМ алдамчылыкка шектелип кармалган киши 2-апрелде каза тапканын жана окуя министрлик менен Чүй ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганын билдиришти.

«Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.