Казакстандагы суу ташкыны. Кыргызстан гуманитардык жардам жөнөттү

Казакстандын жети облусунда ири көлөмдөгү суу ташкынынан улам дээрлик 76 миң адам эвакуацияланды, анын 18 миңден ашыгы балдар. Миңдеген үйлөр ушул күнгө чейин суу астында калууда. Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 14 миң адам болсо, анын жарымы балдар.