«Аны өкмөттүк эмес уюмдардын баардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Кычыктанып “биз катталганбыз” деп жатышпайбы. Айтсынчы, кимиси “Чет элдик өкүл” деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Ошону айттым», — деди президент.
Ошондой эле ал Юстиция министрлигинде катталган 25 миңдей өкмөттүк эмес уюмдун 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барарын айтып, алар кайра каттоодон өтөрүн белгиледи.