Түптө жергиликтүү милиция үй-бүлөдө чыр чыгаргандар менен профилактикалык иштерин жүргүзөт

«Үй-бүлөдө чыр чыгарган киши катары каттоодо турган адамдар менен андан ары да жеткиликтүү жана натыйжалуу өз байланышты камсыздоо максатында райондук милициянын жетекчилиги иш тартипке ылайык, көчмө милиция кабылдамасында алардын жашаган жери боюнча жергиликтүү маморгандардын өкүлдөрүнүн катышуусунда профилактикалык иш-чараларды жүргүзөт», — деп билдиришти ИИБден.

Көчмө милиция кабылдамасында профилактикалык маектерди ИИБдин начальниги жана анын командасы жүргүзөт, алар мыйзам тууралуу маалымат беришет, ошондой эле кандай гана формада болбосун үй-бүлөлүк зомбулукка жол берилбеши керектигин эскертишет.