Тасма Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине коштолгон. Эми фильмди түрк жана араб тилдерине да которуу пландалып жатат.
«Бейиш эненин таманында» тасмасын режиссёр Руслан Акун тарткан. Тасмада менталдык жактан өзгөчөлүгү бар 35 жаштагы Адилдин апасын үйүнөн Сауд Арабиясына чейин жөө Меккеге алып барган сапары баяндалат.
Бул тасма Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда да кирешеси боюнча биринчи орунга чыгып, кассалык хитке айланган. Ал тургай тасма, болгону төрт күн ичинде, чет элдик блокбастерлерди артта калтырып, 1 млн доллардан ашык жыйнаган.