Жапырт кармалган 11 журналисттин дагы төртөө үй камагына чыкты

Сот журналист Тыныстан Асыпбек уулу, Сайпидин Султаналиев, Жоодар Бузумов жана Максат Тажибек уулун үй камагына чыгарды.

Буга чейин журналист Сапарбек Акынбеков менен оператор Акыл Орозбековду үй камагына чыкса, Temirov Live’дын мурдагы долбоор менеджери Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Азыркы тапта Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбеков абакта.

Журналисттер 16-январда жапырт кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми долбоордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен акын Азамат Ишенбеков аталган чакырыктарды «уюштурууга» шектелүүдө.

Сүрөт: ПолитКлиника