Айт намазы мечиттерде окулуп, ага президент да катышты

Тургундар мечиттерге саат 6:15те чогулуп, аларга баян айтылып, майрамдык намаз саат 7:30да болду.

Ал эми президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахсий атындагы борбордук мечиттеги айт намазына катышты.

Буга чейин Кыргызстандын муфтияты дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды жана элдин коопсуздугун эске алып, айт намазды мечиттерде гана окуу чечимин чыгарган.