Бейбаштыкка шектелген алты киши эка айга камалды

Шектүүлөр Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эрланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Исраилов жана Нурак Акимов 8-июнга чейин ТИЗО-1де камакта болот.

Шектүүлөрдүн адвокаты Памир Суранбаев алты кишиге тең «Бейбаштык», «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Кылмыш адамдар тобу менен жасалган» деген айып тагылып жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Бишкек шаардык милициясы шектүүлөрдү 8-апрелде коомдук тамактануучу жайлардын биринде сабалып, мыйзамсыз кармалып турганын айткан кишинин арызынын негизинде кармаган.

Кийин президент «мекенчилмин» деген атты жамынып шантаж кылгандар бар экенин, буга чейин аларга «эскертүү» да бергенин айткан.

Чуулгандуу окуянын чоо-жайын бул жерден окуңуз: https://bit.ly/43QEnYs