Дайырбек Орунбеков Матраимовго тиешелүү делген катты «фейк» деп атады

Анда Матраимов үч жыл мурда активист Мелис Аспеков менен Садыр Жапаровго 3 миллион доллар бергенин ырастаганы айтылат. Ушундай эле билдирүүнү буга чейин Аспеков да жасаган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков катты «фейк» деп атады. Ал катты Осмонов өзү жазып, жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт.

«Осмонов 2020-жылдан кийин бийликти сындап, жалган билдирүүлөрдү таратып, адепсиз кайрылуулары менен таанымал болчу. Кийин Америкага чыгып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Учурда Америкадан саясий баш паанек алыш үчүн, мурдагыдай адатын карматып жатат», — деди ал.

Мурдагы бажычынын жактоочуларынын бири жана жээни Мирланбек Исмаилов да каттагы кол Матраимовдун чыныгы кол тамгасына окшош эмес экенин айтып чыкты.