«Элибизге ак кызмат кылалы». Жапаров кыргызстандыктарды Айт майрамы менен куттуктады

Ал мамлекеттин алган багыты эл-журттун жан дүйнөсүн тазартып, жаратмандыкка үндөө, ааламдашуу агымынан артта калбай, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга олуттуу, салмактуу, сабырдуу мамиле кылуу болуп саналарын баса белгиледи.

«Сиздердин отуз күн орозо тутуп, журтубуздун тынчтыгы менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн сураган тилектериңиздер кабыл болсун. Ыйманыбыз, ишенимибиз артып, кийинки Орозо айына чейин бакубат жашоону насип кылсын. Ата-бабалардан калган асыл сапаттарыбыз менен элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылалы. Буга бизде каалоо да, ишеним да, эрк да бар. Ар бирибиз журт биримдигин чыңдоого, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине үлүшүбүздү кошууга умтулалы», — деди ал.