Талас округундагы шайлоонун жыйынтыгын шаардык сот да жокко чыгарды

Аталган округдан депутат болуп келген Бактыбек Чойбековдун кеңешчиси Асылбек Рахманов шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз беришерин билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга ошол эле округдан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун жазган арызы себеп болгон. Ал шайлоо учурунда добуш сатып алуу фактылары болгонун айткан. Бишкектин администритивдик соту БШКны шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну милдеттендирген.

Чойбеков менен Абдыкадыров 2021-жылдагы парламенттик шайлоого Талас районунан бир мандаттуу талапкер катары катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Чойбеков 34%дан ашык, Абдыкадыров 24% добуш алган.