ТИМ: Кыргыз жаранын Украинадагы согушка катышууга мажбурлашканы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Мекеменин маалыматына ылайык, Токобаев 2-апрелде Орусияда «баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө» шектелип кармалган.

«Кыргызстандын жаранын Украинанын аймагындагы атайын аскердик операцияга катышууга мажбурлашканы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда мекендешибизге керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар көрүлүүдө», — дешти министрликтен.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, жигит курулуш жана тамак-аш жеткирип берүү тармагында иштеп жүргөн. Анын жакындары балага тагылган айыптарды четке кагып, жалган жалаа менен кармалган деп эсептейт.