«Булардын баары эле журналист эмес. Он бир кишинин экөө гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоонун жогорку билими жок экен. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы», — деди ал.
Ошондой эле Ниязбеков сот кармалгандардын айрымдарын үй камагына чыгарып жатканын айтып, «эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатабы же өздөрү чыгарып жатабы айта албайбыз» деп кошумчалады.
Журналисттер 16-январда кармалган. Алардын тогузу «башамаламандыкка чакырууга», ал эми Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков аталган чакырыктарды «уюштурууга» шектелүүдө. Буга чейин райондук сот 11 журналисттин жетөөнү үй камагына чыгарган, төртөө азыр абакта.