Акылбек Жапаров Орусиянын «Мир» картасын тейлөө токтотулганы боюнча пикирин айтты

Жапаровдун пикиринде «Мир» картасы орусиялыктарга эмес Кыргызстанга пайдалуу, анткени Орусия Федерациясында жүргөн бир миллиондон ашык кыргызстандыктар акча которушат.

«“Мир” картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби Банктар аралык процессинг борбору (МПЦ) өкмөткө карабайт, Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек», — деп билдирди ал.

Буга чейин Банктар аралык процессинг борбору 3-апрелден тартып «Мир» картасын тейлөө токтотулганын кабарлаган. Терминал аркылуу төлөм, банкоматтардан нак акча алуу, картадан картага жөнөтүү жеткиликсиз болуп калган.