Президент: Башка тилдерге каршы болбошубуз керек

Өлкө башчысы Шакиевдин бул билдирүүсү «анын жеке пикири, мамлекеттин саясаты таптакыр башка» деп билдирди.

«Орус жана англис тилдери дүйнөлүк тилдер. Балдарыбыздын жаш кезинен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Орусияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, өлкөдө мугалимдердин жетишсиздигинен улам балдардын көбү орус тилин билбейт.

«Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек. Ал эми кыргыз тили эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз», — деди ал.

Президент балага башка тилде ат коюу ата-энелердин өз иши деп кошумчалады.