❗️Кыйноого алынган Викрам Рузахуновдун иши Казакстандын Башкы прокуратурасына өттү, төрт полиция кызматкери кармалды

«Кармалган [полиция кызматкерлеринин] бири кыйноо жана зордук-зомбулук фактысын моюндады, экинчиси жалган маалымат таратуу үчүн атайын блогерлерди жана саткын журналисттерди жалдап, балдарын жана өзүн өзү өрттөйм деп коркутуп жаткан апасын колдонууга аракет кылып жатат. [...] Башкы прокуратура ”кармалган төрт формачан иштин башталышы гана, бул ишти аягына чейин жеткиребиз” деп ишендирди», — деп билдирди ал.

Викрам Рузахунов 2022-жылы январда Казакстанда өткөн нааразылык акциялары учурунда кармалып, күч органдары тарабынан ур-токмокко алынган. Анда казак улуттук «Хабар 24» телеканалында бети-башы көгала, өзүн жумушсуз кыргызмын деп тааныштырып, 200 доллар үчүн башаламандыктарга катышканын айтып берген адамды көрсөтүшкөн.