Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн ондогон чет элдик депортацияланат

Маалыматта, 14-апрель күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бангладеш жана Пакистандан келген 130дан ашык чет өлкөлүк аныкталганы айтылат. Алардын ичинен 64 адамдын визасынын убактысы өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

Чет өлкөлүктөр коомдук тамактануучу жайларга, жеткирүү кызматтарына, курулуш жана кийим тигүүчү жайларга иштөө максатында мыйзамдуу келишкен. Бирок көбүнүн тиешелүү квалификациясынын жоктугу жана алган айлыгынын аз болуп жаткандыгына байланыштуу көйгөй жаралган.

УКМК ИИМ менен биргеликте чет элдиктерге администрацивдик протоколдорду түзүп, айып салды. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүктөр, келген өлкөсүнө депортацияланат.