«Мыйзамсыз курулуштарды калкалаган». УКМК Бишкектин вице-мэри менен дагы бир ишкерди кармады

«Аянты 300 чарчы метр коммерциялык объектини курууда эч кандай уруксат документи берилген эмес. Ошого объект бузулууга тийиш болгон. Бирок, шектүү өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп ар кандай тоскоолдук жараткан», — дешти атайын кызматтан.

Аны менен катар, Сазыкулов калаанын ортосундагы сейил бакты жашылдандыруу боюнча тендерди өткөрүүдө коррупцияга жол берген деп шектелүүдө. Бакча үчүн бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалып, иш 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган.

Жогорудагы фактылар боюнча козголгон иштин негизинде Максатбек Сазыкулов жана дагы бир ишкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.