Нарын: Жаш кыздарга ыдык көрсөттү делген киши муунуп каза болду

Укук коргоо органынан тергөө иштери улантылып жатканын баса белгилешти.

Буга чейин бир нече мектеп окуучусу Нарын шаарындагы тил үйрөтүүчү Ray жеке мектебинде 60 жаштагы мугалим аларга ыдык көрсөткөнүн анонимдүү айтып чыккан. Алардын айтымында, ыдык көрсөтүү бир нече жылдарга уланган. Кыздар жана алардын ата-энелери мурда милицияга кайрылып, бирок майнап чыкпаганын да кошумчалашкан. Кыздардын айтымында, мугалим сабак учурунда уят тамашаларды сүйлөп, кыздардын дене-башын кармалачу.

Тил үйрөтүүү мектептин администрациясы кызматкери окуучуларга ыдык көрсөткөну тууралуу маалыматты «Клоопко» тастыктады. Ал эми эмне себептен буга чейин жумуштан бошотулган эмес деген суроого, «анын манипуляциясынын курмандыгы» болуп келишкенин айтышты.