ТИМ Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө тиешелүү окуянын калыс текшерилишин күтүүдө

Буга чейин Волк окуяга комментарий берип жатып, полиция дипломаттын «батирине кирбегенин» жана «тургундарга физикалык же психологиялык кысым көрсөтпөгөнүн» айткан. Ошондой эле анын айтымында, полиция кызматкерлери бул даректе дипломат жашаганын билген эмес.

ТИМ Волктун ички иликтөөнүн жыйынтыгын жана окуянын бардык жагдайларынын аныкталышын күтпөстөн билдирүү жасаганын белгиледи.

«Бул билдирүүдөн көрүнүп тургандай, жабыркаган балалуу аял өзүнүн батиринде болгон окуянын күнөөкөрү. Бул жалпы логикага каршы келет», — дешти министрликтен.

Ошол эле учурда ТИМ Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын дипломатиялык статустун кол тийбестиги жана Орусиянын Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына берилгендиги тууралуу сөздөрүн кубаттады.

12-апрелде саясат таануучу Алмаз Тажыбай Москванын милиция кызматкерлери Кыргызстандын элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун батирине кирип, анын «үй-бүлө мүчөлөрүнүн денесине залал келтиргенин» айткан. Бул маалыматты депутат Дастан Бекешев тастыктап, издөө учурунда эч ким жабыркаган жок деп билдирген.