Ысык-Ата: Белгисиз кишилер кол салган тергөөчү жаагы сынып ооруканага жаткырылды

Маалыматка ылайык, 13-апрелден 14-апрелге караган түнү саат 04:00дөр чамасында 30-35 жаштардагы белгисиз адамдар Кант шаарындагы Гагарин — Зубков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Маркет-24» дүкөнүнүн жанында 33 жаштагы тургундун денесине залал келтиришкен.

Натыйжада жабыралануучунун жаагы сынып, Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя Чүй ОИИБде катталып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсү экени аныкталды.

Kaktus.Media басылмасы алдын ала маалыматтарга таянып, тергөөчүгө кол салгандар Кант мэриясынын, прокуратурасынын жана Ысык-Ата райондук Салык кызматынын кызматкерлери экенин жазды.