Жети жаштагы баланы сабаган шектүү үй камагына чыкты

Жабырлануучунун апасынын айтымында, тергөөчү кылмашка шектүүнү үй камагына чыгарууну сурануу менен мыйзамдарды гумандаштырууга аракет кылды. Ошондой эле аял шектүү тараптын жактоочусу ага «маселени акча каражаты менен чечүүнү» сунуштаганын белгиледи.

Окуяны ЖКнын депутаты Аида Исатбек кызы өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

«Бул маселе жеке көзөмөлүмдө. Азыркы убакта баланын абалы жакшы, бирок психологиялык жактан травма алган», — деп жазды эл өкүлү.

Буга чейин Бишкектеги мектептердин биринде уулу «зомбулукка кабылганы айтылган тургун ага болушуу максатында» жети жашар баланы сабап салган эркек кишинин видеосу тараган. Видеокөзөмөл камерасына тартылган кадрларда, киши баланы тепкилеп, көкүрөккө муштап жатканын көрүүгө болот.

Жабыркаган баланын ата-энеси милицияга кайрылган. Шектүү бейбаштык беренеси менен кармалган.